Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмү 1 жарым миллиард доллардан ашты

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, коңшу Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмү өсүп, 1 миллиард 600 миллион долларга жеткенин Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.

Бул маалымат Алматы шаарында өткөн Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жолугушуусунда белгилүү болду.

Тараптар өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, суу чарба жана логистика тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Казакстан 175 аталыштагы товарлар боюнча экспортун 203 миллион доллардан ашык суммага көбөйтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тизмеге мунай-химия продукциясы, азык-түлүк өнөр жайы, металлургия, машина куруу жана фармацевтика тармактары кирет.

Айыл чарба тармагында, бул эки өлкөнүн соода алакасынын пайызын түзгөн сектордо, товар жүгүртүү 5,5 пайызга өсүп, 313 миллион 600 миң долларга жетти. Анын ичинде 40,4 миң тонна дан жана 53,2 миң тонна ун экспорттолгон.

"Инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Маанилүү долбоорлордун бири катары Таш-Көмүр шаарында ферроэритме заводун куруу пландалууда, бул өнөр жай кооперациясын бекемдейт. 2024-жылдын 11 айында өнөр жай товарларынын соода жүгүртүүсү 985 миллион 500 миң долларды түзүп, Казакстандан экспорт 13,5 пайызга көбөйгөн. Суу-энергетика тармагында тараптар 2024-жылдагы сугаруу мезгили ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндеринде вегетациядан кийинки мезгилди камсыз кылуу маселесин талкуулашты", - деп жазылат маалыматта.

Транспорт тармагында да өсүш байкалды: 2024-жылдын 9 айында экспорттук-импорттук автожүк ташуулардын көлөмү 16 пайызга көбөйүп, 1 миллион 700 миң тоннаны түздү. Ошого байланыштуу чек ара өткөрмө пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана транзиттик потенциалды өнүктүрүү боюнча чаралар каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин тастыкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан