Баткенде алдамчылыкка шектелген аял менен эркек Бишкектен кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын тургунун алдап кеткен деп шек саналгандар Бишкек шаарынан кармалышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү делген Ош облусунун 38 жаштагы жана Жалал-Абад шаарынын 24 жаштагы тургундары жабырлануучунун үйүндө убактылуу жашашкан. Алар былтыр август айында "муктаждыгыңды чечип беребиз" деп үй кожойкесинен накталай акча алышкан жана арадан 10 күн өткөндөн кийин дагы электрондук капчыгына акча которттурушуп, изин жашырып кетишкен. Келтирилген чыгым 80 миң сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, шектүүлөргө издөө иши ачылган. Алар Бишкек шаарынан кармалышып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан