Интим кызматын көрсөткөн жай уюштурушкан деген шек менен 2 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга аталган жай Кой-Таш айылында уюштурулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 25 жаштагы 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө алар сутенёрлук кылары аныкталган. Тагыраагы, жигиттер кыздарды Чүй жана Бишкек аймагындагы кардарларга унаа менен жеткирип турушкан. Учурда тергөө иштери уланууда.