УКМК Ысык-Көлдөгү аткаминерди кармады (фото)

Ысык-Көл облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКга Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы М.К. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Аталган М.К. Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду пара берүүгө мажбурлаган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш-иши козголуп, кечээ, 3-февралда, мурда алынган параны кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалган жаран тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

УКМК Ысык-Көлдөгү аткаминерди кармады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан