Москва шаарынын четинде батирден өрт чыгып, ичиндеги 10 үй чочко куткарылды. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу кырсык Өзгөчө кырдаалдар кызматына кечээ, 3-февралда түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр барган маалда биринчи кабаттагы батирде өрт чыгып жатканын көрүшкөн. Алар алгач үстүңкү кабаттагы 10дой адамды эвакуациялап, андан кийин өрт чыккан батирди ачышкан. Алар эшикти ачар замат чочколор эшиктин ачылышын күтүп турганын көрүшкөн.
Өрт өчүрүүчүлөр чалгындоо иштерин жүргүзүп, түтүн жутуп алган жана куткаруучуларга өздөрү жете албай калган дагы бир нече чочколорду табышкан.
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.