Чүйдө кызганычтан улам аялын өлтүргөн деген шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:36да Сокулук РИИБине Жаңы-Жер айылындагы үйлөрдүн биринде күч колдонуу менен өлтүрүлгөн аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө ошол эле күнү саат 08:00 чамасында аялы-күйөөсүнүн ортосунда кызганычтын кесепетинен уруш чыгып, жолдошу келинди бычактарп салганы, ал ошол жерден каза тапканы маалым болгон.
Шектүү катар 1985-жылы туулган Д.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.