Мурдагы UFC чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор атаандашы Хабиб Нурмагомедовдун атын айткан күйөрманынын бетине түкүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Макгрегор соода борбордун ичин аралап, күйөрмандары менен жолугуп жаткан. Ошол маалда бир адам "Хабиб, алга!" деп кыйкырган. Конор Макгрегор анын жанына басып келип, эки жолу түкүргөн.
"Мен сенин бетиңе түкүрдүм. Эмне кыла аласың? Эч нерсе!" - деген Макгрегор.
Мушкерлердин ортосундагы кастык дароо башталган жок экенин белгилей кетүү керек. Алгач мушкерлер бири-бирине сый мамиледе болушкан. Алар бир эмес, эки жолу жолугуп сүйлөшүшкөн. Маселен, бул сүрөт 2014-жылдын сентябрында өткөн "UFC 178" турниринен кийин тартылган. Ал турнирде Макгрегор Дастин Порьени жеңип алган.