Коңшу Казакстандын Алматы облусунун Кырбалтабай айылынын 26 жаштагы тургуну эки ай мурда жоголуп, кийинчерээк жансыз денеси баштыктан табылды. Бул тууралуу Казакстандын КТК телеканалы билдирди.
26 жаштагы Айша Хамит табышмактуу жагдайда жоголгон. 26-ноябрда кыз Алматыга курбусунун туулган күнүнө арналган кечеге барган. Ал эми кечинде ал эжесине бир бала уурдап кеткенин жазган.
"Акыркы билдирүүлөрүндө эжем бир жигит аны уурдап кеткенин жазган. Эжемдин телефонун тиги бала алып алыптыр. Биз чалдык, алар трубканы коюп коюшту. Андан кийин эжем ал бала жолуна акча жана ага белек бергенин айткан", - деген маркумдун сиңдиси Асия Хамит.
Айша Хамит телефонун өчүргөндө жакындары тынчсызданып, аны издеп башташкан. Дайынсыз жоголгон кызды туугандары, полиция кызматкерлери жана ыктыярчылар издеген. Кийинчерээк укук коргоо кызматкерлери болжолдуу кылмышкердин изине түшкөн. Ал кызды уурдаган бала болчу.
Маркумдун эжесинин айтымында, жигит Айшаны муунтуп өлтүргөн. Ал эми сөөктү Алматынын борборунан алыс эмес жерге көмүп салган. Ал жерден кыздын сөөгү баштыкка салынган абалда табылды. Кыздын сөөгү жоголгондон эки айдан кийин гана табылган.
Кылмышка шектүү Түркстан облусунун 19 жаштагы Нурмахан аттуу тургуну. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда. Казак полициясы адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүүнүн күнөөсү далилденсе, ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.