
Өлкөдө жалпы республикалык тестке каттоо 3-февралдан 4-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жүргүзүлөт. Ал мектепте окуган абитуриенттер үчүн алар окуган мектептерде уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнөн катталышат.
Каттоодон өтүү үчүн керектелүүчү документтер:
- паспорт (же паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
- ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция);
- талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.
Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду, 2024-жылы киргизилген мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 200 сомду түзөт. Тест болжол менен 15-майдан 21-майга чейин өткөрүлөт.