Бишкек шаарында уурулукка шектелип 40, 24, 23 жана 18 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 16-январда Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан кампалардын бирине кирип, жалпы суммасы 1 миллион 443 миң 700 сомго барабар кафелдерди уурдап кетишкен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.