Си Цзиньпин менен Садыр Жапаров Пекинде жолугушту (сүрөт)

Бүгүн, 5-февралда Пекин шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.

Ага ылайык, президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы төрага Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.

Өз ара саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.

Андан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң өлкөлөрдүн лидерлери Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, түзүмдү кыдырып өтүштү.

Салтанат аяктагандан кийин Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан