Кыргызстанда кескин кымбаттаган картошканын баасы Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.
Парламенттин бүгүн, 5-февралдагы жыйынында эл өкүлү Элдар Абакиров картошканын килограммы 60 сомдон ашканын айтып, бул баа карапайым калкка оор болуп жатканын белгиледи.
"Эки күн барып картошка сатып алдык. Картошканын баасы азыр 60 сомдон ашып калыптыр. Эми бизде картошка эккен жерлерибиз көп, Алай, Чоң Алай, Ат-Башы, Кочкор жана Ысык-Көлдүн бир топ жери. Албетте, дыйкандар үчүн кубанычтабыз, бирок 60 сом карапайым эл үчүн оор баа да.
Азыр барып ун алсаң 1700-1800 сом. Ошондой эле салмактагы картошка 2500-3000 сом болуп калды", - деди Элдар Абакиров.
Ошондой эле депутат жакында жазгы талаа иштери башталарын айтып, ага азыртан эле кам көрүү керектигин кошумчалады.