Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жумушчулары жаңы директор болуп шайланган Светлана Ашированын ишмердүүлүгүнө нааразы. Бул тууралуу депутат Шарапаткан Мажитова бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, цирктин коллективи депутатка кайрылып, Ашированын ишмердүүлүгүн карап берүүнү суранган.
"Мамлекеттик цирктин коллективи мага кайрылды. Алардын айтымында, жаңы шайланган директор Светлана Ашированын эч кандай жетекчилик тажрыйбасы жок, цирк иштерин жакшы билбегендиктен ар кандай интригаларга жол берилип жаткан экен. Ошондой эле ал кызматынан пайдаланып, көп жылдар бою иштеген кызматкерлерди өз оюн айтып койгону үчүн иштен алып жатыптыр.
Мен суранат элем, бул ишти Маданият министрлиги комиссия түзүп карап койсун. Өзүңүздөр билесиздер, жакында эле цирк оңдоодон өтүп, өзүнүн ишин көрсөткөнү жатат. Бирок азыр ар кандай келишпестиктердин айынан коллектив тарап кетүү коркунучунда экен", - деди депутат.
Белгилей кетсек, Светлана Аширова Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп былтыр 23-октябрда дайындалган. Ал эми быйыл келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 23-январда кызматынан бошотулуп, кайрадан 28-январда цирктин директору болуп дайындалган.