Испаниянын атактуу "Реал Мадрид" футболдук клубунун басма сөз кызматы португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдуну туулган күнү менен куттуктады.
Дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң мыкты бомбардир бүгүн, 5-февралда 40 жашка толду. Мындан улам анын туулган күнүнө арналган өзүнчө билдирүү клубдун социалдык тармактарында пайда болду.
"Урматтуу Криштиану! "Реалдан" 40 жашка толушуң менен чын жүрөктөн куттуктоолорду жөнөткүбүз келет. Бардык Мадрид күйөрмандары сенин легендарлуу оюндарың жана биздин тарыхыбызды чагылдырган нерселериң менен сыймыктанышат. Үй-бүлөң жана жакындарың менен жакшы күн өткөр", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жылы португалиялык футболчу ойноп кеткен бардык клубдар Роналдуну туулган күнү менен куттуктап, бир гана "Реал Мадрид" буга көңүл бурган эмес.