Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова өлкөдө зордук-зомбулук фактылары көп катталып жатканын айтып, Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.
"Социалдык түйүндөрдө "бир адам бир адамды бычактап кетти" деген кабарлар көп чыгып жатат. Биздин ИИМ эмне кылып жатат, мен түшүнбөй жатам. Түшүндүрүү иштери такыр эле жок. Мектептерде жашы жете электер менен иштөө бөлүмү иштебейт. Кабарларды окусаң чачың тик турат. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар бычактоого чейин жетип, көптөгөн биздин жаш кыздар өлүп жатат.
Бүгүн эле кабарда 27 жаштагы кызды өзүнүн күйөөсү баласынын көзүнчө 20 жолу бычак менен сайып салганы чыкты. 4-февралда Сокулукта бир адам өзүнүн аялын бычак менен 8 жолу сайып кетиптир. Эмне деген айбанчылык? Эмне үчүн ИИМ реакция кылбайт? Муну көрүп өскөн жаштар дагы кызуу кандуу болот", - деди Мамашова.
Эл өкүлү качан коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуя болмоюн "ИИМ тийиштүү иштерди көрбөйт" деди. Депутат айым алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.