Эртең, 6-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында жазылат.
Билдирүүгө караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9 ... -14, күндүз 0 ... +5;
Талас жергесинде түнкүсүн -9 ... -14, күндүз 0 ... +5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +5 ... +10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6 ... -11, күндүз 0 ... +5;
Нарын дубанында түнкүсүн -18 ... -23, күндүз -2 ... -7;
Бишкекте түнкүсүн -9 ... -11 суук, күндүз +2 ... +4 градус болот.