Бүгүн, 5-февралда дүйнөдөгү белгилүү футболчу Криштиану Роналду туулган. Ал 1985-жылы Португалиянын Мадейра аралындагы Фуншал шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси карапайым адамдар болгон. Атасы жергиликтүү "Андоринья" клубунун машыктыруучусу, ал эми апасы үй кожойкеси эле. Роналду үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң кичүүсү.
Анын атасы 52 жашында дүйнөдөн кайткан. Баласынын ийгилигин футбол талаасында көрө алган эмес. Ал эми азыр Роналдунун негизги күйөрманы анын апасы. Бирок апасы көпчүлүк учурда баласынын оюн талаасына чыкканын сыналгыдан гана көрөт.
"Апам биз үчүн баарын кылды. Менин курсагымды тойгузам деп күнү-түнү иштеди. Ал жумасына жети күн иштеп, менин футбол ойношум үчүн биринчи бут кийимимди сатып берген. Менин бардык ийгилигим ага арналат. Апам мен тирүү турганда ар дайым мени менен болот. Менин ага бере тургандарым көп", - деген маектеринин биринде.
Учурда Роналду көп киреше булактарына ээ жана эң бай спортчулардын тизмесине кирет. Португалиялык чабуулчунун "Аль-Насрдагы" жылына 200 миллион евро. Бул сумма ага дүйнөдөгү эң көп төлөнүүчү футболчу болууга мүмкүндүк берди.
Футболдогу карьерасы
Футболчунун толук аты-жөнү Криштиану Роналду дос Сантос Авейро. Көпчүлүк Криштиану Роналду анын аты-жөнү деп ойлошот, чындыгында анын фамилиясы Авейро, ал эми Криштиану Роналду өзүнүн гана аты.
Роналду 8 жашында атасы иштеген "Андоринья" клубуна барып, эки жылдан кийин ал 1997-жылы "Спортинг Лиссабон" клубуна алынган.
Бала кезде аны "Абелинья" деп коюшкан, ал португалча аары дегенди билдирет. Бул лакап атты ага укмуштуудай оюну жана арык дене түзүлүшү үчүн ыйгарышкан.
Роналду профессионалдык карьерасын өзүнүн мекени Португалиядагы клубдан баштаган. Андан кийин Англиянын, Испаниянын жана Италиянын легендарлуу клубдарында оюн көрсөтүүгө жетишкен. Учурда белгилүү футбол жылдызы Сауд Арабиядагы клубда ойноп келет.
2010-жылы футболчу суррогат энеден биринчи баласы Жуниор, 2017-жылы эгиздер Мэтью менен Ева төрөлгөн. Ал эми 2016-жылдан баштап спортчу Жорджина Родригес менен мамилесин жарыялап, алар 2017-жылы кыздуу болушкан. Жубайлар ага Алана-Мартина аттуу ысымды ыйгарышкан. 2022-жылы Родригес эгиз төрөп (бир уул, бир кыз), бирок уулу төрөлгөндөн көп өтпөй чарчап калган.
5-февралга карата жылнаама.