"Улам Киргизия деп атты". Камила Талиева Адылбек Касымалиевди "Мушистинге жооп бере алган жок" деп сындады

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин кыргыз бийлигине карата айткан дооматына жооп бере албаганы үчүн сынга алды.

"Аттиң дейсиң да. Мамлекет үчүн, элдин тагдыры үчүн жооп бере албай койду. Орусиянын өкмөт башчысы биздин мамлекетке негизсиз кинелерди койду. Ошого татыктуу жооп бере албай Министрлер кабинетинин төрагасы мажүрөөлүк кылды. "Биздин өлкөдө мыйзам бардыгына бирдей иштейт" деп айта албай койду. Ошол эле учурда Мишустин улам-улам эле Киргизия деп атты. Биздин мамлекеттин өзүнүн мыйзамдуу аталышы бар да", - деди эл өкүлү.

Талиева мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин, көз карандысыз өлкө болгондон кийин дипломаттык тилде сүйлөшүүлөр болушу керектигин белгиледи.

Бүгүнкү отурумда депутат Жанар Акаев дагы Мишустиндин айткандарын "копол" айыптоо деп атады.

Эске салсак, Михаил Мишустин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргыз бийлигин орус компанияларына кысым көрсөтүп жатат деп айыптап, аны токтотууну талап кылган.

Камила Талиева Адылбек Касымалиевди сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан