Парламент Эркин Чечейбаевди министрлик кызматка дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри кызматына Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги каралды.

Жыйында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Чечейбаев тууралуу маалымат берип, өлкө башчынын сунуштамасы менен тааныштырды. Талкуудан соң депутаттар анын талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 3-февралда Чечейбаевди аталган кызматка дайындоо боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Ал ошол күнү кызматтан кеткен Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна келди. Бейшеналиев кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазганын билдирген.

Бейшеналиевдин кызматтан кетер алдында парламенттин тармактык комитетинде депутатка жооп бергени талкууга алынган болчу. Анын кылыгына нааразы болгон эл өкүлдөрү дагы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан