Оштогу "Исламбек" рестораны бузулууда (фото)

Ош шаарындагы "Исламбек" рестораны жаңы мэрдин тапшырмасына ылайык бузулууда. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.

"Учурда Ленин көчөсүндөгү “Исламбек”, “Атабек”, “Кут ордо”, “Анар” коомдук тамактануучу жайлары, “Азия” супермаркети, мыйзамсыз орнотулган тосмолор курулуш ээлеринин өз эсебинен буздурулууда. Аны менен бирге Масалиев-Курманжан датка көчөлөрүндө дагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча иштер жүрүп жатат", - деп билдиришти Ош мэриясынан.
Белгилей кетсек, “Исламбек” кафесинин ээсине буга чейин мыйзамсыз курулушту түрттүрүү боюнча эскертүү берилген, бирок ага карабастан бүгүнкү күнгө чейин тамактануучу жай алынбай турган.
"Шаар бийлиги жалпысынан кызыл сызыктан өткөн 100дөн ашык объектиге тиешелүү эскертмелерди берген", - деп кошумчалашты мэриядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан