Анкара Израил палестиналыктарды өлтүрүүнү токтотсо, Тель-Авивге карата позициясын кайра карап чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан журналисттер менен болгон жолугушууда билдиргенин жазып чыгышты.
"Эгер палестиналыктарды өлтүрүү токтосо, алардын абалын жакшыртуу үчүн кадамдар жасалса, Түркия чечимдерин кайра карап чыга алат. Биздин позициябыз ачык. Биз Газадагы геноцидди токтотууга аракет кылабыз", - деген ал.