Садыр Жапаров Пекиндеги Эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду (фото)

Коңшу Кытайда иш-сапары менен жүргөн өлкө башчы Садыр Жапаров Пекиндеги Эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.

Президент бүгүн, 5-февралда, Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында Тяньаньмэнь аянтындагы Эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.

Эл баатырларынын эстелиги – Кытайдын улуттук эстелиги болуп эсептелет. Ал XIX жана XX кылымдарда кытай элинин революциячыл күрөшүндө курман болгон баатырлардын элесине арналып 1952–1958-жылдары курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан