"Тазалыктын" кызматкерлери карызы барлардын үйлөрүн кыдырды (фото)

Бишкек шаарында таштанды үчүн акча төлөбөгөн абоненттерге карата рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер, карыз болгон абоненттердин үйлөрүнө атайын стикерлерди жабыштырып чыгышкан.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери таштанды үчүн карызын төлөбөгөн абоненттердин үйлөрүн кыдырып чыгууда", - деп жазылат маалыматта.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда жеке жана юридикалык жактардын "Тазалык" ишканасына төлөй турчу карызы 200 миллион сомдон ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан