Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы "Манас-Ата" кафеси боюнча билдирүү жасады

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы "Манас-Ата" кафесинин иштөөсүнө кайрадан уруксат берүү боюнча айткан билдирүүсү коомчулукта талкууга алынып жатканын белгилеп, ага байланыштуу түшүндүрмө берди. Анын кайрылуусун бүгүн, 5-февралда Ош мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.

Токторбаев шаарга мэр болуп келген күндөн тарта мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, шаардын көркүн бузган баш аламан курулуштарды иретке келтирүү боюнча жумуштарды жасап жатканын жана бул аракеттер дагы да уланарын белгилеген.

"Бүгүн да шаарды кыдырып жүргөндө "Манас-Ата" кафеси 2-3 жылдан бери иштебей тургандыгын, жүздөй жумушчу орун менен камсыз кылып, шаарга жакшы эле салык төлөп келишкендигин айтышты. Андан улам кайрадан шаардыктарга иш орун камсыз кылсын, салыгын төгүп иштей берсин деген максатта бүгүн ээсин чакырып ишиңизди уланта бериңиз деген сунушту айткам.

Менде "Манас-Ата" кафесинде буга чейин болгон чыр чатак тууралуу учкай гана кабарым бар болчу. Бирок тиешелүү кызматтар бул кафенин мыйзамдуулугу боюнча Жогорку сотко чейин жетип, соттошуп, бузуу чечими кабыл алынган экен. Менин мындан кабарым жок болчу. Эми гана билип жатам. Андыктан мен өзүм мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүп жаткан шаар башчысы, мыйзамды сыйлаган жаран катары соттун чыгарган чечимин кубаттаймын жана анын аткарылышына кызыктармын", - деди Токторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан