Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Президенттин администрациясы тараткан кайрылууда бул күн мындан 20 жыл мурун Будапештте шайлоо органдарынын кесиптик майрамы катары бекитилгени белгиленген.

"Кыргызстан адилеттүү жана эркин шайлоосуз саясий стабилдүүлүк жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эместигин түшүнүү менен демократиялык шайлоо стандарттарын бекем карманат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында эркин демократиялык шайлоонун бардык маанилүү принциптери чагылдырылган. Баш мыйзамыбыздын алгачкы беренесинде “эл мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана шайлоолор, референдумдар аркылуу өз эркин ишке ашырат” деп белгиленген.

Соңку жылдары өлкөбүздө шайлоо процессинин бардык негизги жагдайларын камтыган масштабдуу шайлоо реформасы жүргүзүлүп жатат. Реформанын алкагында шайлоочуларды каттоо жана биометрикалык идентификациялоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн тактыгын, ачык-айкындуулугун жана шайлоонун натыйжаларына коомдук көзөмөлдү камсыз кылуунун заманбап технологиялары киргизилип, мыйзамдуулукту жогорулатуу боюнча чаралар көрүлдү.

Кыргызстандын шайлоо практикасы эл аралык деңгээлде жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу боюнча алдынкы тажрыйба катары таанылгандыгы абдан кубанычтуу.

Ошол эле учурда татыктуу талапкерлерди таза жана калыс тандоого мамлекеттин гана эмес, шайлоонун бардык катышуучуларынын чогуу-чаран аракет кылышы абдан маанилүү. Мен бул багытта эки жагдайды белгилей кетмекчимин:

1. Кыргызстанда бардык тармакта коррупцияга каршы саясат жүргүзүлүүдө. Коррупциянын кейиштүү көрүнүштөрүнүн бири – бул шайлоодо добуштарды сатып алуу. Добуштарды сатып алуу менен эртеңки кызмат адамынын шайлоо учурунан баштап эле коррупцияга белчесинен батышына негиз түзүлөт.

Көрүлгөн мыйзамдык чаралардын жана укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын аракеттеринин аркасында соңку мезгилде шайлоочулардын добушун сатып алуу деңгээли кыйла төмөндөдү. Бирок добуш сатып алуу аракеттерине каршы жарандардын өздөрүнүн келишпес позициясы, албетте, эң күчтүү жана таасирдүү курал болмок. Мына ушундай позиция гана добуштарды сатып алууну толугу менен жок кыла алат. Тынымсыз аракеттерибиз менен биз буга да жетишебиз деп ишенем.

2. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган иш билги, абийирдүү талапкерлерди шайлоо үчүн жарандардын шайлоого активдүү катышуусу маанилүү. Жүргүзүлүп жаткан реформанын аркасында добуш берүүнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө жарандардын ар бир добушу так эсепке алынып, ким депутат, же президент болорун шайлоочулардын өздөрү аныктап жатат. “Ар бир жарандын добушу маанилүү, ал өлкөнүн өнүгүшүнө таасир эте алат” деген тезис Кыргызстанда реалдуу мазмунга ээ!

Шайлоо маалында шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгон учурда бийликке келүүнү кѳздѳгѳндѳрдүн ѳзүнүн тарапташтарынын чакан тобун ишке тартуу менен, шайлоочуларды адаштырып-жазгырып жеке кызыкчылыктары үчүн “жеңил” өтүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондуктан жарандар активдүү катышып, татыктууларды тандоо аркылуу шайлануучу органдардын сапаттык курамына таасир эте турган ѳздѳрүнүн укуктарын жүзѳгѳ ашырышы маанилүү!

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Административдик-аймактык реформага байланыштуу ѳткѳрүлгөн жергиликтүү шайлоолор ѳзгѳчѳ актуалдуу жана маанилүү болду. Шайлоо аркылуу жер-жерлерде жарандардын кызыкчылыгында натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү өкүлчүлүктүү органдардын системасы оптималдаштырылды.

Ошентип биз мурда убада кылгандай, жергиликтүү кеңештерге жигердүү, жоопкерчиликтүү жана татыктуу депутаттардын келүүсү үчүн шайлоону ачык-айкын жана эркин өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү.

Эми жергиликтүү кеңештердин жаңы чакырылыштагы депутаттарынын алдында жакынкы 5 жылда жергиликтүү өнүгүүнүн эң орчундуу маселелерин чечүүдө чоң милдеттер турат. Бул үчүн жарандардын пикирлерин жана суроо-талаптарын эске алуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын биргелешкен иштерин уюштуруу зарыл.

Андыктан, билекти бек түрүп, баарыбыздын жалпы ишибизди – жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууну жана аймактарды өнүктүрүүнү жана жаңы, өнүккөн Кыргызстанды курууну колго алышыбыз керек!

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо аткарган иштери үчүн шайлоо комиссияларынын тутумунун бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү мыйзамга жана демократиялык шайлоо принциптерине берилгендигин көрсөтүштү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бардык деңгээлдеги шайлоолордун жаңы циклинин башталышын шарттады. Эми 2026-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо, андан кийин президенттик шайлоо өткѳнү турат. Бул шайлоолор бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен, таза атаандаштыктын жана мыйзамдуулуктун шартында өтүшү керек. Элдин эрки Кыргызстандын өнүгүүсүндѳ чечүүчү фактор болуп келгенин жана болуп кала берерин, ал эми эркин жана таза шайлоо демократиянын жана мамлекеттүүлүктүн негизи экенин эстен чыгарбоо зарыл!

Шайлоо комиссияларынын жамааты бардык кызыкдар органдар жана уюмдар менен биргеликте, алдыдагы шайлоо циклинин бардык иш-чараларын татыктуу уюштуруу үчүн бүт күч-аракетин жумшаарына ишенем", - деп жазылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан