Бишкек шаарында уурулукка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү музыкалык студиянын терезесин сындырып кирип, ал жерден 2 колонка, микрофон, 3 комуз жана Yamaha 550 үлгүсүндөгү музыкалык синтезаторду уурдап кеткен. Келтирилген чыгымдын көлөмү 523 миң сомду түзгөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө ал уурдалган музыкалык аспаптарды өз ыктыяры менен кайтарып берген. Учурда тергөө иштери уланууда.