Рамзан Кадыров Украинанын эки жоокерин көрсөтүп, башкаларын багынып берүүгө чакырды (видео)

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинанын куралдуу күчтөрүнүн эки жоокери Часов Яр шаарынын жанында "Ахматтын" атайын күчтөрү тарабынан туткунга алынганын көрсөткөн видеону жарыялады.

Ал өз кайрылуусунда орус тарап туткундарга карата гумандуу мамиледе экенин баса белгилеп, украин аскер кызматкерлерин багынып берүүгө чакырды.

"Экөө тең, өзүңүздөр көрүп тургандай, ден соолугу чың жана мыкты физикалык абалда. Туткунга түшкөндөр Орусия тараптан аларга карата мамиле абдан жакшы экенин ырасташууда. Булар Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 24-бригадасынын аскер кызматкерлери. Аларды эч ким шылдыңдабайт жана сабабайт. Бардык согуш туткундарына карата биз тараптан ушундай адамкерчилик.

Мен дагы эле Укровойск тарабында тургандардын бардыгына орус армиясына багынып берүүнү жана ошону менен өз өмүрүн сактап калууну сунуштайм. Бул алардын өзү үчүн дагы, жакын туугандары үчүн дагы жакшы болот", - деп жазды Рамзан Кадыров.

Анын айтымында, мындай гумандуу мамиле бардык согуш туткундарына мүнөздүү.

Рамзан Кадыров туткундагы украиналыктардын видеосун жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан