Орусиялык ырчы Анна Седокова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу уулу Гектор өгөй атасы Янис Тимманын каза болгонун кантип билгенин айтып берди.
Анын айтымында, балага кырсык тууралуу бейтааныш адамдар айтып салышкан.
"Ооруканада болчумун, бир убакта телефонума чалуу келди. Уулум баскетбол лагеринде болчу, мен сүйлөшүп, өзүм айтмайынча ага эч нерсе айтпай турууну суранганбыз. Бирок анын жанына бир бала келип, "Мен сенин атаңдын өлгөнүн билем. Бул суицидпи?" дептир. Ошол учурда мен азыр туруп, анын жанында болушумдан өткөн маанилүү эч нерсе жок экенин түшүндүм. Анын дүйнөнү кабылдоосуна башка адамдардын таасир этишине жол бере албадым. Ал башка адамдардан ага айткысы келип жаткан маалыматтан аны коргошум керек болчу. Мен буюмдарымды чогултуп, аны алып кетүүнү чечтим", - деп жазды ал.
Ал ошондой эле күтүүсүз чечимден улам уулу Гектор экөө жаңы жылды аэропорттон тосууга аргасыз болгонун айтты.
"Жаңы жылды аэропортто тостук. Майрам жети секундга гана созулду. Бул менин эң жаман Жаңы жылым болду, бирок мен уулума жакшы болушу үчүн баарын кылышым керек болчу", - деп жазды Седокова.
Эске сала кетсек, Седокова 2017-жылдын апрель айында жалгыз уулун төрөгөн. Баланын атасы – ишкер Артем Комаров. Бирок ырчы төрөттөн көп өтпөй Комаров менен ажырашып кеткен. 2019-жылы ал маркум Янис Тимма менен мамиле кура баштаган. Андан кийин Седокова баласы баскетболчуга өз атасындай мамиле кыларын бир нече жолу билдирген.
32 жаштагы баскетболчу, ырчы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү Янис Тимманын өлүмү 2024-жылдын 17-декабрына караган түнү белгилүү болду. Спортчунун сөөгү Москванын борборундагы жатаканалардын биринин кире беришинен табылган. Жакын жерден телефону табылган, анын экранында мурунку аялынын номери жана ага чалууну суранган билдирүү жазылган. Окуя ырчынын туулган күнүнүн эртеси болгон.