Өлкөдө илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Кабарда маалымдалгандай, бул боюнча токтом долбоору даярдалган.
Ага ылайык, илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалып жатат. Анын ичинде кызматтык окладды аныктаган коэффициентти 50 пайызга, кызматтык окладга кошумча төлөмдөрдү 50 пайызга көтөрүү каралган. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызды түзөт.
Ошондой эле илимий институттарда иштеген жардамчы тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылат. Бул токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, бирдиктүү чечим катары кабыл алынган.
"Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда “эмгек акы 50 пайызга гана жогорулатылып жатат жана бул президенттин жарлыгына туура келбейт” деген маалыматтар тарап жатканы белгилүү болду. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт, алардын кандай максатта таратылып жатканы жана булагы белгисиз", - деп жазылат анда.