Аты-жөнүн өзгөртүү мыйзамы: Депутат балдар үйүндө өскөндөр кандай өзгөртөрүнө кызыкты

Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков балдар үйүндө өскөндөрдүн, атасы белгисиз болуп калгандардын аты-жөнүн өзгөртүүнүн жол-жобосуна кызыкты.

Жыйында жарандар үчүн аты-жөнүн өзгөртүүдө тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү караган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жаткан.

"Мага балдар үйүнөн бир жигит кайрылып, "менин чоң атам жок болсо, менин атым кандай болот?" деп сурап жатат. Алардын аты-жөнүн балдар үйүнөн жөн эле коюп коюшкан да. Анан мен ага тамашалап айттым, "чоң атаң бүгүнкү күндө президент, ошонун атынан коё бер" деп. Ал эми бакма балдар кандай болот. Алардын биологиялык атасы бар да. Купуя кылып мурунку аталарын айтпай жатпайбызбы.

Сот аркылуу аталык укуктан ажырагандардын балдары кандай болот? Мындан тышкары бизде атасы жок төрөлгөндөр дагы бар. Алардын негизги күбөлүктөрү жок. Расмий чоң атасы дагы жок. Таятасынын атын коё албайт д,а э?" - деди Таштанбеков.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзамда тандоо мүмкүнчүлүгү кенен экенин, атасы жок төрөлгөн балдарды апасы өзүнүн фамилиясы же таятасынын аты-жөнү менен жаздырса болорун, болгону фамилия эркек жынысындагы ат менен кетиши керектигин айтты. Ошондой эле ал ар бир жаран фамилиясын жеке эле чоң атасы менен эмес, жети атасынын аты менен да жаздырса болорун кошумчалады. Сыдыковдун айтымында, жарандар бабасынын, бубасынын дагы атын фамилиясына кошо алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан