Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду туулган күнүн белгилөө учурундагы сүрөтүн жарыялады.
Кечээ, 5-февралда футболчу 40 жашка толду.
"Туулган күнгө карата эң сонун каалоо-тилектер үчүн рахмат! Биз үй-бүлөбүз жана досторубуз менен сонун күн өткөрдүк. Мындан артык эч нерсе каалаган эмесмин", - деп жазды Роналду.
Эске сала кетсек, бул сезондо португалиялык футболчу 25 оюнга катышып, 23 гол киргизип, 4 жолу голдук пас чыгарып берген. Футболчунун сауд арабиялык клуб менен келишими 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөн.