Шылуундар маданият министринин атын колдонгон фактылар катталганы айтылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарандарды шылуундардын кылтагынан этият болууга чакырды.
Ага ылайык, маданият министри Алтынбек Максүтовдун атынан телефон чалуулар жана билдирүүлөр аркылуу алдамчылык фактылары катталган.
"Алдамчылар министр же анын ишенимдүү адамдары катары өзүлөрүн тааныштырып, өз кызыкчылыктарын көздөп, адамдарды алдоо аракетин көрүшү мүмкүн. Сиздерден этият болууну жана мындай чагымчылдыкка алдырбоону өтүнөбүз", - дешти ведомстводон.
Мекеме билдиргендей, министрлик жеке маалыматтарды талап кылбайт, расмий эмес каналдар аркылуу кайрылуу жасабайт жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан