Америка Кошмо Штаттарынын "Сиэтл/Такома" эл аралык аэропортунда Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы Delta Air Lines учагы менен кагылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Аба порту Вашингтон штатында, Сиэтл жана Такома шаарларынын ортосунда жайгашкан. Ал Сиэтл шаарынын борборунан болжол менен 23 чакырым түштүктө жайгашкан жана Тынч океандын түндүк-батыш аймагындагы эң чоң аэропорт.
Федералдык авиация башкармалыгы учактар диспетчерлер көзөмөлдөбөгөн аймакта сүзүшкөнүн билдирди.
Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.