"Манас" аэропортунан казакстандык кыз кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунан 25 жаштагы казакстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси (Алдамчылык) боюнча шектүү делип, издөөдө жүргөн. Ал өзүнүн кылмыштуу тобу менен бирге 2023-жылы телефон аркылуу 5 адамдын 183 миллион 14 миң теңге суммасындагы акча каражаттарын алдап кеткен.

ИИМ кармалган жаран Сокулук райондук милициясына жеткирилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан