Министр Кендирбаева ЖРТга даярдаган курстар элди алдап пайда көрүп жатканын айтты

Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоочу жеке курстар мектеп бүтүрүүчүлөрүн 10 миң сомдон окутуп жаткан учурлар көп экенин айтты.

"Мындан пайда тапкандар көп. Бирок ЖРТда берилүүчү тапшырмалар акысыз эле Testing.kg сайтында турат. Ошого карабай "силер окууга өтөсүңөр" деп элдин акчасын алып өздөрүн жарнамалагандар бар. Биз мектеп имаратында акы алып окута турган курстарга каршыбыз. Бирок сабактан кийин кайда барып окуйт тыя албайбыз", - деп жооп берди билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева.

Эл өкүлү курстун өкүлдөрү мектеп директору менен сүйлөшүп алып, окуучуларды мажбурлап окутуп жаткан дагы учурлар бар деди. Кендирбаева эгер андай факты далилденсе мектеп директору кызматтан алынарын белгилеп, "антүүгө акысы" жок деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан