Москва шаарынын четиндеги райондордун биринде түндө ымыркай кыз көчөгө жөрмөлөп чыгып кетип, аны унаа тебелеп кете жаздады. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, түндө унаа айдап бара жаткан айдоочу жолдун жээгинде кызыктай кыймылдап жаткан нерсени байкаган. Ал акырындан жолдун ортосуна жыла баштаган. Жакындаганда гана айдоочу ыйлап жөрмөлөп жолго чыккан ымыркай кызды көргөн.
Айдоочу кызды унаага салып, дароо "Тез жардам" менен полицияны чакырган. 10 мүнөттөн кийин анын жанына бир аял келип, өзүн "ымыркайдын чоң энесимин" деп тааныштырган. Бирок айдоочу ага ишенбей, полицияны күткөн.
Бир нече убакыт өткөндөн кийин кыздын апасы ага телефон чалып, аны сактап калганына ыраазычылыгын билдирип, ымыркайды чоң энесине бербегени үчүн рахматын айткан.
Учурда ымыркай үйүндө калыбына келип жатат.