Бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлиги алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын билдирди.
Маалымдалгандай, 11-январда милицияга бир жаран арыз менен кайрылган. Ал былтыр март айында М.С. жана Р.Т. аттуу эки адам жогору жакта иштеген тааныштары аркылуу жогорку кызматка дайындоону убадалап, 100 миң долларын алдап кетишкенин айткан. Факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу айылдарынын биринин 46 жаштагы айыл башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.