
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Орто-Азия сел каналынын 520 метр аралыгын тазалоо, нугун кеңейтүү иши башталды. Ал үчүн ӨКМ тарабынан 1 оор инженердик техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалган.
ӨКМ билдиргендей, аталган сел канал тазаланса 70 турак жай, 25 гектар айдоо жери сел кооптуулугунан корголот.
Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад облусунун аймагында 41 объектиде сел кырсыктарын алдын алуу жумуштары аткарылат.