Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге Ош технологиялык университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, аталган наамды Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев тапшырып, эл өкүлүнүн мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгүн, мыйзам чыгаруу жаатындагы жетишкендиктерин жогору баалап, жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады.