Филиппиндин түштүгүндө америкалык учак кыйрады

Бейшемби күнү Филиппиндин түштүгүндө чалгындоо миссиясын аткарып жаткан АКШнын Коргоо министрлигинин контракттык учагы кыйрады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

АКШнын Индо-Тынч океан командачылыгы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен бир жоокер жана коргоо бөлүмүнүн үч кызматкери каза болгон.

Metrea коргонуу компаниясына таандык Beechcraft Super King Air B300 учагы АКШ менен Филиппин кызматташтыгынын алкагында чалгындоо жана байкоо жүргүзүү миссиясын аткарып жаткан. Ал Минданао аралындагы Ампатуан муниципалитетине кулап түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан