Украина Франциядан аскердик учактарды алды

Франция Украинага аскердик учактардын биринчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу 6-февралда Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорню билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Францияда окуудан өткөн украиналык учкучтар азыр Украинанын асманын коргоого катышууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мираж 2000 учактары жеткирилгенин ырастап, алар "биздин абадан коргонуу системасын бекемдей турганын" белгиледи.

Париж өткөрүлүп берилген учактардын саны тууралуу маалыматты ачыктабайт, бирок алар жердеги бутага сокку урууга ылайыкташтырылганы белгилүү.

Аба согушу үчүн иштелип чыккан Mirage 2000-5 акыркы жылдары Франциянын Аскердик аба күчтөрүндө Rafale истребителине алмаштырылган. Парламенттин отчётуна ылайык, 26 Мираж 2000-5тин ичинен алтоо Украинага өткөрүлүүгө тийиш.

Франция 12-февралда Британия, АКШ жана европалык өнөктөштөр менен Киевге мындан аркы колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан