Кечээ, 6-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда алгач калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев алдыда жасалуучу жумуштар, максаттары менен тааныштырды.
Ошондой эле Токторбаев Садыр Жапаров бийликке келгенге чейинки Оштун мэрлери хан болгонун айтты.
“Оштун мурдагы мэрлери хан болгон. Күзөтчүлөрү менен жүрүп, унааларын коштотуп жүргөн экен. Садыр Нургожоевич "хан болбой, эл менен чогуу болуп, элдин жүгүн көтөргүлө" деп айткан. Буюрса, мен өлкө жетекчилеринин, сиздердин ишеничиңиздерди актап, шаар үчүн татыктуу иштеп берем деп сөз берем”, - деген Токторбаев.
Ошондой эле ал кол алдындагыларынын бардыгынын кызматтык унааларын алганын айтты. Мэрдин айтымында, жакшы иштер аткарыла баштаганда гана кызматтык унаалар берилет.
"Буларга кетчү бензинди карылар үйүнө алып барып берем", - деди Токторбаев.