Ошто 15 жаштагы кыз айылдагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголду

Ноокат районунун 2009-жылы туулган Сузана Примбердиева аттуу тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 17-январда Нойгут айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Кийген кийимдери: кара түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: боюнун узудугу 160-165 сантиметр, ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кыска.

Милиция Сузананы көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0506 22 60 60, 0776 30 31 03, 0557 30 31 07.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан