Бишкек шаарында кыз ала качууга аракет кылган деп шек саналып эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал 5-февралда саат 23:40тар чамасында 2 жигит эркине каршы Nissan үлгүсүндөгү унаага салып, ала качууга аракет кылышканын, бирок каршылык көрсөткөндө Жамгырчинов жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинен унаадан түшүрүп, качып кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 29 жана 30 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.