Бишкектин 11-кичи районунда бүгүн, 7-февралда саат 08:30дан 18:00гө чейин жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул маалыматты калаа бийлиги таратты.

Мындай иш-чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.

Ага ылайык, төмөнкү даректерде ысык суу берилбейт: 11-кичи район, № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27, ДС94-турак үйлөр, сүрөтчүлөрдүн жеке үйлөрү, түрк мектеби.