Бишкектеги автобекеттерде билеттерди брондоо системасы ишке киргизилди

Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу автобекеттерде билеттерди алдын ала брондоо жана сатып алуу системасын ишке киргизди.

Мекеме бул система эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн билеттерди 10 күн мурун брондоого мүмкүнчүлүк берерин билдирди.

Маалыматка караганда, сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Маршрут тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт.

Учурда “Бишкек автобекети” (Алмата көчөсү, 1/1) жана убактылуу иштеп жаткан батыш автобекети (“Аккула” ат майданынын жанында) иш алып барууда.

“Бишкек автобекетине” №13, №34 жана №8 автобустар жана №123 жана №128 кичи автобус каттамдары жүрөт. Ал эми батыш автобекетине №13, №40 жана №32 автобустар каттайт.

"Убактылуу иштеп жаткан батыш автобекетинде билеттерди алдын ала брондоо жана сатуу системасы техникалык маселелер чечилгенден кийин жакынкы аралыкта ишке киргизилет", - дешти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан