Бишкек шаарында автобус айдап иштеген айдоочунун жүргүнчүлөргө жасаган мамилеси көпчүлүк интернет колдонуучуларынын алкоосуна татыды.
Тагыраагы, айдоочу акчасын төлөп, талон алгандарга шоколад берген. Ал талон алгандарга ыраазычылыгын дагы айтып өткөн.
Мындан тышкары аталган айдоочу талон алгандарга алардын каалаган музыкасын автобуста коюп берген.
Айдоочунун бул окуясы көпчүлүк шаар тургундарын кубантты.