Сак болгула! Бишкек мэриясы алдамчылардан кылтагы тууралуу эскертти

Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти ижарачыларды шылуундардын кылтагына илинип калуудан сак болууга чакырды.
Маалыматка карагандай, акыркы убакта Бишкекте телефон чалуулар аркылуу алдамчылык учурлары көп катталууда.
Буга байланыштуу департамент муниципалдык менчиктин ижарачыларынан ижара акысын төлөө жана келишим түзүүдө кандайдыр бир маселелерди чечүү боюнча алдамчылардан келген чалуулардан сак болууга чакырды.
"Эгер сизге белгисиз номерден чалып, шектүү эсепке акча которууну талап кылса, район боюнча өзүңүздүн кураторлоруңузга кабарлап коюуңузду суранабыз" дешти мекемеден.
Ошондой эле төмөнкү номерлерге: Мэриянын Call-борбору - 0554 182 185, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин кабылдамасы - 0312 97 91 95 же (4229) байланышса болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан