Конго Демократиялык Республикасынын Гома шаарында абактан качкан эркектер 160тан ашуун абактагы аялды зордуктап, андан соң тирүүлөй өрттөп салышты. Бул тууралуу BBC Бириккен Улуттар Уюмунун документине таянуу менен билдирди.
27-январда козголоңчулардын тобу шаарды басып ала баштагандан кийин "Мунзензе" түрмөсүнөн жүздөгөн туткундар качып кетишкен. Түрмөдөн качып чыккандар аялдардын түрмөсүнө кирип, ал жактагыларды зордукташкан.
БУУнун маалыматы боюнча, 165тен 167ге чейинки аялдар абактагы эркектердин кол салуусуна дуушар болгон. Маалыматта аялдардын көбү түрмөнү туткундар өрттөгөндөн кийин каза болгондугу белгиленген.
Январдын аягында М23 тобунун козголоңчулары Конго менен Руанданын чек арасындагы Гома шаарын басып алышкан. Андан пайдаланган шаардагы түрмөдө отурган туткундар качып кетишкен.