Кышкы Азия оюндары: Харбин шаарында Садыр Жапаров баштаган өлкө лидерлери ачылыш аземге келишти (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышына арналган мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты. Бул туурасында өлкө башчысынын администрациясы маалымдады.

Ага ылайык, “Күнөстүү шаарда” Садыр Жапаровду жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүүнүн соңунда өлкөлөрдүн лидерлери 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышынын урматына расмий кабыл алууга катышат.

Иш-чарага Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, Бруней-Даруссаламдын султаны Хассанал Болкиах, Таиланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы У Вон Шик жана башка расмий өкүлдөр катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан